БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өлкө боюнча коронавирустан жалпы 1 182 бейтап көз жумган. Анын ичинен 578и Бишкек шаарынан үзүлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Каза болгондордун аймактар аралык статистикасы:
- Бишкек шаары — 578;
- Чүй облусу — 144;
- Ош облусу — 86;
- Ысык-Көл облусу — 83;
- Ош шаары — 68;
- Нарын облусу — 65;
- Жалал-Абад облусу — 65;
- Баткен облусу — 58;
- Талас облусу — 35.
COVID: 3,5 миңден ашык киши ооруканада жатат, 131инин абалы өтө оор
Коронавирус жуктургандардын саны өлкө боюнча 63 390го жетти. Аймактар аралык статистиканы карай турган болсок, жуктургандар Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп катталган.