Жапаров Нарынга барганда электр энергиясына болгон чектөөнү алып салууга убада берди

Жазылуу
Садыр Жапаров азыр деле чектөөнү алып салса болорун айтып, бирок андай учурда кесепеттери кандай болуп кетиши мүмкүн экенин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров электр кубатына болгон чектөөнү жоюп салууну убада кылды.

Бул тууралуу ал Нарын облусунун эли менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бул боюнча 10 күн мурда адистерге тапшырма берилген.

"Электр энергиясына болгон чектөөлөрдү алып койсок болот, бирок жаздан тарта. Албетте, азыр деле алсак болот, бирок анда баарыңар электр энергиясы менен жылытууга өтөсүңөр дагы трансформаторлор көтөрө албай калат. Муну адистер айтышты. Андыктан жазга чейин чыдагыла, 30 жыл чыдап келген бир аз чыдап бергиле”, — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда калк үчүн 700 киловатт-саат деген чектөө коюлган. Бул көлөмдөгү электр кубатын пайдаланган абоненттер 77 тыйындан, ашып кеткендер 2,16 сомдон төлөшөт.

"Түндүк электр": Бишкекте 10 миңден ашык кишинин жарыгы өчүрүлө баштайт

Нарын облусунун жашоочулары бул аймактагы негизги маселе катары ар бир бийликке коюп келгени менен маселе чечилбеген бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0