Көбү Бишкекте. Өткөн суткада COVID жуктургандар сакайгандардан арбын болду

© AFP / ERIC PIERMONTМедициналык кызматкер COVID-19 тест алуу учурунда
Медициналык кызматкер COVID-19 тест алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус жуктуруп алгандардын саны бир нече жумадан бери бир күн сайын 400-500 адамдын тегерегинде кармалып келет.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өлкөдө кечээтен бери 406 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошол эле учурда 571 кыргызстандык оору жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан айыккандар:

  • Бишкек шаары – 145;
  • Ош шаары – 15;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу – 34;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 58;
  • Баткен облусу – 66.

Пандемия башталгандан бери 54 358 киши өпкөнү сезгенткен ооруну жеңип чыкты.

Коронавируска каршы вакцина семиз адамдар үчүн натыйжалуу болбой калышы мүмкүн

Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек шаары – 154;
  • Ош – 52;
  • Чүй облусу – 78;
  • Ош облусу – 86;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 47;
  • Жалал-Абад облусу – 77;
  • Баткен облусу – 56.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 63 390 адамга жетти.

Ал эми өткөн сутканын аралыгында оору менен күрөшкөн эки медицина кызматкери вирусту илештирип алганы аныкталды. Ошол эле маалда ооруканадан сегиз, үй карантининен алты ак халатчан айыгып чыккан.

Жалпысынан өлкө боюнча 3 649 медик COVID-19 жуктуруп, алардын ичинен 3 436сы сакайды.

Жаңылыктар түрмөгү
0