Кыргызстанда коронавирустан дагы беш адам кайтыш болду

© REUTERS / ADNAN ABIDIМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталгандан тарта адам өлүмү күн сайын катталып жатат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус өлкө боюнча беш адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Каза болгондор:

  • Бишкек – 2;
  • Баткен облусу – 1;
  • Талас облусу – 2.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1182 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0