Жыл башынан бери Кыргызстандан 316 чет элдик жаран депортацияланды

Жазылуу
Жыл башынан бери 18,2 миллион сомдук контрабандалык товар табылып, 41,6 миллион сомдук жүктүн тиешелүү документтери жок экени аныкталган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандан 316 чет элдик жаран депортацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аталган кызмат үч кварталдын жыйынтыгын чыгарып, бул аралыкта жасалган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Ага ылайык, чек арадан 6 221 700 адам, 592 464 автоунаа өткөн. Мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө аракет кылган 104 жана чек ара режимин бузган 45 киши кармалган. 1 264 жаран туура эмес документ менен баратканы аныкталган.

Кытай Кыргызстанга жүк ташууну көбөйтүү үчүн төрт талап койду

Ошону менен катар тогуз айда чек арачылар 18,2 миллион сомдук контрабандалык товарды табышкан. Ал эми 41,6 миллион сомдук жүктүн тиешелүү документтери жок экенин тастыкташкан.

Кыргыз-тажик чек арасында жети, кыргыз-өзбек тилкесинде үч ирет чыр-чатак чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0