БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 439 кишиден табылып, 512 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирмеге караганда, коронавирус жуктургандар Бишкекте көбүрөөк. Айыккандардын басымдуу бөлүгү дагы Бишкек менен Жалал-Абадда.
Жуктургандар:
- Бишкек – 166;
- Ош – 17;
- Чүй облусу – 55;
- Ош облусу – 24;
- Талас облусу – 17;
- Нарын облусу – 11;
- Ысык-Көл облусу – 45;
- Жалал-Абад облусу – 52;
- Баткен облусу – 52.
74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал
Айыккандар:
- Бишкек – 118;
- Ош шаары – 33;
- Чүй облусу – 57;
- Ош облусу – 77;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 23;
- Жалал-Абад облусу – 108;
- Баткен облусу – 86.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 61 748ге жетти. Анын ичинен 52 855и ооруну жеңип, 1 170 адам кайтыш болду.
Канды коюлантат. Коронавирус менен ооруганда жебей турчу азыктар аталды
Өткөн суткада бир медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле маалда 11 медиктин дартты жеңгени кошумчаланды.