Садыр Жапаровдун 1 млн. долларлык келишимге байланышы жок экени айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Садыра Жапарова с жителями Джалал-Абадской области
Встреча Садыра Жапарова с жителями Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай иштер алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу кимдир бирөөнү каралоо максатында жасалган аракет болушу мүмкүн экени да айтылат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучунун маалымат катчысы Галина Байтерек ЖМКларда Садыр Жапаров чет элдик лобби компаниялар менен келишимге барган деп айтылган сөздөр тууралуу комментарий берди.

Өз сөзүндө ал мыйзам боюнча мамлекет менчик компаниялардын келишимдик мамилелерин жөнгө сала албай турганын айтат.

"Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекет менчик компаниялардын келишимдик мамилелерин жөнгө сала албайт. Ошондуктан мамлекет башчысы мындай келишимдерге кол коюуга барышы мүмкүн эмес. Кол койгондор Садыр Жапаровдун атына жамынган болушу мүмкүн. Президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок", — деген ал.

Маалымат катчы мындай иштер алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу кимдир бирөөнүн каралоо максатында жасалган аракети болушу мүмкүн деген пикирин айткан.

RT: АКШ Кыргызстандын бийлигине консультация берчү адис издеп жатат

Буга чейин Foreign Lobby Report сайты АКШнын Юстиция министрлигине таянып, Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү Dickens & Madson Canada компаниясы менен экономикалык каатчылыкка байланыштуу эл аралык жардам алуу максатында 1 миллион долларга келишим түздү деген маалымат жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0