Акчаңызды алдатып албаңыз! Россияга барчуларга эскертүү берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековСообщение о взрывном устройстве в аэропорту "Манас"
Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шылуундар социалдык түйүндөр аркылуу өздөрүн элчиликтин кызматкери катары тааныштырып, Москва жана башка шаарларга учуу үчүн тиешелүү документтерди даярдап берүүнү убада кылып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Instagram тармагында Ош менен Бишкектен Россияга учам дегендерге билет алганга жана тизмеге киргенге жардам берүүгө сөз берип, акчалай пайда көргөндөрдүн тобу пайда болду.

Мындай эскертүүнү ИИМдин Россиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, шылуундар социалдык түйүндөр аркылуу өздөрүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкери катары тааныштырып, Москва жана башка шаарларга учуу үчүн тиешелүү документтерди даярдап берүүнү убада кылып жатышат.

"Instagram тармагындагы jerdesh.ru баракчасындагы маалыматтарга ишенип, алданып калбаңыздар! Документтерди жасалмалоо кылмыш экендигин билип туруп ушуга барган мекендештерибиз бар. Жөнөкөй жарандар акчасын алдатып, кайра ала албай же учуп келе албай ара жолдо калууда", — деген Жанбаев.

Якутияда мигранттар үчүн тиркеме иштелип чыкты. Ал кыргыз тилинде да жеткиликтүү

Ал ошондой эле аталган социалдык баракча аркылуу алданып калган мекендештерди жашаган аймактагы полиция бөлүмүнө кайрылууну сунуштаган.

Мындан тышкары, айрым мигранттарды мыйзамсыз кадамдарга барбоого чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0