Экс-премьер Абылгазиевге кылмыш иши козголобу? Башкы прокурордун жообу

Жазылуу
Буга чейин финансы полициясы Мухаммедкалый Абылгазиевди өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салган. Кийинчерээк ал суракка чакырылган, бирок кайсы иш боюнча экени ачыкталган эмес.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коррупцияга тиешеси бар экенин тастыктаган факты аныкталса, анда ал мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, пандемия убагында мыйзамсыз аракеттер боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө карата бир нече кылмыш иши ачылган. Ал эми Абылгазиевге карата радиожыштыктар боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бирок айыбы угузулган эмес.

Сурак берип чыккан Абылгазиев өлкөдөн сыртка чыкпай турганын айтты

"Менин иштегениме 10 эле күн болду, азырынча анын кылмышка тиешеси тууралуу маалыматтарды ала элекмин. Иш жүрүп жатат. Абылгазиевдин пандемия убагындагы мыйзамсыз иштерге тийиштиги бар болуп чыкса, жоопкерчиликке тартылышы керек. Экс-премьер азыр каякта экенин билбейм, анын иши менен азырынча тааныша элекмин", — деди Зулушев.

Буга чейин финансы полициясы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салган. Эгер ал чет өлкөгө кетүүгө аракет жасаса кармалары айтылган. Кийинчерээк экс-премьер суракка чакырылган, бирок кайсы иш боюнча экени ачыкталган эмес.

Радиожыштык чыры

Эскерте кетсек, жыштык сатуу боюнча ишти Аскер прокуратурасы менен УКМК иликтөөдө.

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-жетекчиси Наталья Черногубова уюлдук операторлордун бири жана Байланыш комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен кармалган. Андан кийин агенттиктеги коррупция иши боюнча беш адам колго түшүрүлгөн, арасында УКМКнын да кызматкерлери бар экени айтылган болчу.

Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

20-май күнү депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште өкмөт эки радиожыштыкты төмөн баада сатканын билдирген. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай аракет премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кийлигишүүсү жок ишке ашмак эмес. Акаев келтирилген зыянды 5 миллиард сом деп баалаган. Эртеси Абылгазиев айыптоолорго жооп берип, тергөөгө басым жасады деген кинеден оолак болуу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыккан.

12-июнда аталган иштин алкагында "Ала-ТВ" компаниясынын негиздөөчүсү кармалган (ушул компаниянын жыштыгы уюлдук операторго сатылганы айтылган).

15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке тиешеси жок экенин айтып, отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0