Коргоно албайт экенбиз. Жаңы төрага Мамытов Ак үйдүн тосмосун алууну сунуштады

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төраганын пикиринде, бийлик органдары коргонгон сайын эл туура эмес түшүнүп жатат. Тосмолор баары бир сактап кала албай турганы далилденди.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik.  Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов Ак үйдүн алдын курчап турган тосмону алып салууну сунуштады.

Ал депутаттардын колдоосун алгандан кийин сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү маселесине биринчи болуп киришерин айтты.

"Ак үй үчүнчү ирет талкаланып жатат. Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт экен. Бизди ошол тосмо сактап кала алган жок, сактай албайт дагы. Кечээ Садыр Нургожоевич менен чогуу отурганда, ал дагы алып салуу керектигин айтты. Мен ал идеяны колдойм. Ошол тосмолор болбосо, бизде да эл менен ажырым болбойт деп ойлойм. Элге жакын болуп иштесек эч качан толкундоолор, кыйратуулар болбойт", — деди Мамытов.

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

Ошондой эле ал азыркы чакырылыш аз иштейби же көп иштейби, депутаттарды өз вазыйпасын так аткарууга чакырды. Мындан ары кадимки график менен тармактык комитеттердин отурумдары, шаршемби, бейшемби күндөрү жалпы жыйындар өтөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0