Окумуштуулар арыктоого өбөлгө болуучу эмдөөнү ойлоп табышканын жар салды

© AFP / CHANDAN KHANNAАял эмдөөнү алып жатат. Архив
Аял эмдөөнү алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн биринчи эле стадиясынан  өтсө да, окумуштуулар дары тамактануу адаттарын өзгөртүп, зат алмашууну жакшыртат деп айтышууда.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШдагы Genentech биотехнологиялык компаниясы ашыкча салмактан арылууга өбөлгө болуучу эксперименттик эмдөөнү ойлоп тапкан. Бул тууралуу "Популярная механика" маалымат булагы жазды.

Инъекция узак мөөнөткө таасир берүүчү антителону көрсөтүп, BFKB8488A деп аталат. Антитело адамдын денесине киргенден кийин метаболизм, калориялардын күйүшү жана тамактанууну каалаган гормондун ишин аткарат.

Изилдөөгө ашыкча салмак менен жабыркаган жана денесин май баскан 60 адам тартылган. Алар эки топко бөлүнүп, жарымы плацебо, ал эми жарымы чыныгы эмдөөчү дарыны алышкан. Жыйынтыгында бир инъекциянын аракети 60 күнгө созулары аныкталган. Плацебо алгандар орточо эсеп менен 0,28 килограмм салмак ташташса, чыныгы дары алгандар 1,2 кг жана андан көп салмактан арылышкан.

Тажрыйбага катышкандардын баары калорияга байытылган тамак жешкен. Респонденттер, мындан сырткары, таттууга табити болбогонун сезишкен. Ал эми дарыны кабыл алгандан бир апта өткөн соң углеводго болгон талап азайган.

Бишкектик жигит бир жылда 60 килограммга арыктады! Шыктандырган видео

Окумуштуулар изилдөөнү улантышат, бирок  дары азыртан эле тамактануу адаттарын өзгөртүп, зат алмашууну жакшыртат деп айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0