COVID: 1 079 киши оор жана өтө оор абалда ооруканада жатат

© AP Photo / Jorge SaenzОоруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив
Ооруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктурган 3 771 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда. Өткөн суткада COVID-19га чалдыккандарга салыштырмалуу айыгып кеткендер көп катталган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 3 437 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен 117 адамдын абалы өтө оор экени айтылды. Ал эми 962 бейтап оор абалда жатат. 2 296 киши орточо абалда болсо, 62 адамдын абалы канааттандырарлык деп бааланган.

COVID соңку суткада Бишкектен үч, Баткенден бир кишинин өмүрүн алды

Булардан сырткары, 3 771 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0