Кубаттуулугу эң күчтүү смартфон аталды

© © HuaweiHuawei Mate 40 Pro
Huawei Mate 40 Pro - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин сап башына жаңы чыккан Huawei илинген. Ал Kirin 9000 деп аталган беш нанометрлик процессордон куралган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 2020-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча, Huawei Mate 40 Pro эң өндүрүмдүү Android-смартфон аталды. Бул тууралуу РИА Новости AnTuTu мобилдик бенчмаркына жарыяланган рейтингге таянып жазды.

Рейтингдин сап башына жаңы чыккан Huawei илинген. Ал Kirin 9000 деп аталган беш нанометрлик процессордон куралган. Бул смартфон рейтингде 685 339 балл топтогон. Экинчи орун iQOO 5 Pro смартфонуна, үчүнчү орун iQOO 5 телефонуна буюрган.

Эксперт баскычтуу телефон кайрадан популярдуу болуп жатканын айтты

Snapdragon 865 Plus платформалары жаңы болгон смартфондор рейтингде жетинчи катардан өйдө көтөрүлө алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0