Министрлик: коронавирусту дарылоонун 5-протоколу даярдалууда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив
Ооруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пульмонолог коронавирус менен ооруп калгандарды табып, эмчи-домчуларга барбоого чакырып, дарыгерге гана кайрылууну өтүндү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Коронавирусту дарылоонун 5-протоколун даярдап баштадык. Ал эки жумадан кийин бүтүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы протокол даярдоодо буга чейинки кемчиликтердин баары эске алынат.

"Процесс жаңы эле башталды. Жаңы протоколго коронавирусту үйдөн, стационардан кантип жакшылап, натыйжалуу дарылаш керектиги боюнча сунуштамалар кошулат. Ошондой эле сасык тумоо менен коронавирус бир учурга дал келип калганда, дарылануу жолдору кошумчаланып жазылат. Мындан башка дагы жаңы нерселер менен толукталат. Азыр бейтаптарды төртүнчү протоколдун негизинде гана дарылап жатабыз", — деди Сооронбаев.

Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!

Ал ооруп калгандарды табып, эмчи-домчуларга барбоого чакырып, дарыгерге гана кайрылууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0