Агрессивдүү оюндарды көп ойногон бала кийин кылмышкер болобу

© AP Photo / Adel HanaКомпьютердик оюндарды ойноп жаткан бала. Архив
Компьютердик оюндарды ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, бала оюн учурунда бир нерсени "талкалап" же бирөөнү "өлтүрүп" жатканда, тескерисинче, анда чечим кабыл алуу, жоопкерчилик сыяктуу сезимдер жакшы өрчүйт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Агрессивдүү оюндарга жакын балдардан кийин кылмышкер чыгат деген түшүнүк туура эмес. Бул жөнүндө РИА Новости агенттигине балдар психологу жана оюндар боюнча адис Александр Покрышкин билдирди.

"Айрым ата-энелер атышуу, согуш, кимдир бирөөгө үстөмдүк көрсөтүү жөнүндөгү оюндарды жактыра бербейт. Атургай мындай оюндарга жакын балдардан кийин кылмышкер чыгышы мүмкүн деп жаңылыш ойлонушат. Бала үчүн кандай оюн болбосун ал жөн гана көңүл ачуу жана убакыт өткөрүү. Баланын негизги максаты оюндан ырахат алуу", — дейт Покрышкин.

Адистин айтымында, бала оюн учурунда бир нерсени "талкалап" же бирөөнү "өлтүрүп" жатканда, тескерисинче, анда чечим кабыл алуу, жоопкерчилик сыяктуу сезимдер жакшы өрчүйт.

Оюнчукту бат сындырат. Кандай балдардан акылдуу адам чыгат

Покрышкин адамда социалдык жоопкерчиликтин жоктугу жана кылмышка жөндөмдүүлүгү кичинекейинде ойногон оюндан эмес, психологиялык соккулардан улам пайда болорун кошумчалады.

Мындан тышкары, психолог ата-энелерге акыркы кездерде өтө популярдуу болуп калган өнүктүрүүчү оюндарды аша чаап кетпей, чеги менен ойнотууга үндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0