Министрлик: Новосибирскиге аба каттамы жаңылана элек

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирск шаары. Архив
Новосибирск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги каттам боюнча Республикалык штаб чечим кабыл ала элегин билдирди.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларынан Россиянын Новосибирск шаарына туруктуу авиакаттамдар азырынча жаңылана элек. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Буга чейин аталган багыттар боюнча аба каттамы аткарыла баштайт деген маалымат тараган.

Бирок ведомство Жарандык авиация агенттигинин маалыматына таянып билдиргенине караганда, Новосибирск шаарына каттоого Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын чечими чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0