Измир: уранды алдында калган бөбөк төрт күндөн кийин тирүү табылды. Видео

© REUTERS / Turkey's Disaster and Emergency Management Presidency (AFAD)Куткаруучулар урандылардын алдынан 4 жаштагы кызды алып чыгышты
Куткаруучулар урандылардын алдынан 4 жаштагы кызды алып чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уранды алдынан чыгарылары менен бөбөктү дароо ооруканага алып кетишкен, учурда абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы зилзалада ураган имараттын алдында калган бөбөктү дээрлик төрт күндөн кийин аман алып чыгышты. Бул туурасында аталган калаанын мэри Тунч Сойер Twittter баракчасына жазды.

​"91 сааттан кийинки керемет. Баарын толкунданткан жаңылыгыбыз бар. Куткаруучулар бөбөктү аман-эсен алып чыгышты", — деп жазган мэр.

Sputnik Түркия агенттигинин маалыматы боюнча, уранды алдында калган кыз төрт жашта. Аны куткаруучулар 91 сааттан кийин табышкан. Бөбөктү дароо ооруканага алып кетишкен, учурда абалы канааттандырарлык.

​Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Ошондой эле жердин силкинүүсү Грециянын Самос аралында дагы катталган. Соңку маалымат боюнча, зилзаладан 20дан ашуун имарат кулап, 102 адам набыт болгон. Жаракат алгандардын саны 1026 кишиге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0