Митингдеги кагылыштан улам комага түшкөн жигит ойгонду, бирок абалы оор

© Фото / пресс-служба Минздрава КР"Ала-Тоо" аянтындагы кагылышуудан жабыркап комада жаткан жигит
Ала-Тоо аянтындагы кагылышуудан жабыркап комада жаткан жигит  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумабеков, андан сырткары, ооруканада митингден жабыркаган жети адам жатканын айтып, алардын абалын туруктуу деп баалады.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы кагылышуудан жабыркап комада жаткан жигит ойгонду. Бирок абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековго таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн, 2-ноябрь күнү, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордук аянттагы митингде жаракат алгандардын абалы менен таанышуу үчүн Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна барган.

Министр комада жаткан 24 жаштагы жигиттин абалынан да кабар алган.

Оорукана жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, бейтаптын ден соолугунда бир аз жылыш бар.

"Ал комадан чыкты. Бүгүн аны нейротравма бөлүмүнө которобуз. Бирок анын абалы оор бойдон калууда, реабилитацияга көп убактысы кетип калат", — деди дарыгер.

Жумабеков, андан сырткары, ооруканада митингден жабыркаган жети адам жатканын айтып, алардын абалын туруктуу деп баалады. Бардыгы тең медициналык жардамды акысыз алышууда.

Бейтаптардын абалы менен таанышкандан кийин министр керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү улантуу тапшырмасын берген.

Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта

"Ала-Тоо" аянтындагы митингден жабыркагандар

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ал күнү ооруканага 1 250 адам кайрылып, анын 279у ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө анын жетөө акысыз медициналык жардам алуусун улантып жатат. Башкалары амбулатордук шартта дарыланууга чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0