Энергетиктер митинги: Өкмөт үйүнүн алдына жаңы жетекчисин колдогондор да чыгышты

© Sputnik / Эркин СадыковӨкмөт үйүнүн алдында экинчи митинг өтүп жатат
Өкмөт үйүнүн алдында экинчи митинг өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулгандар "Түндүк электр" ишканасына жаңы дайындалган жетекчи Улан Астаркуловду колдоп келгенин айтышты. Учурда эки тарапта эки митинг өтүүдө.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында экинчи митинг өтүп жатат, алар дагы "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери.

Чогулгандар жаңы дайындалган башкы директор Улан Астаркуловдун тарапташтары экенин айтышты. Ошол эле маалда өкмөт үйүнүн чыгыш тарабында "Түндүк электр" ишканасынын атайын формаларын кийген кызматкерлер жаңы жетекчинин келишине нааразычылыгын билдирип митинг өткөрүүдө. Алар мурдагы директор мыйзамсыз түрдө иштен алынды деп эсептешет.

© Sputnik / Эркин СадыковМитинг работников ОАО "Северэлектро" у дома правительства в Бишкеке. 02 ноября 2020 года
Өкмөт үйүнүн алдында экинчи митинг өтүп жатат, алар дагы Түндүк электр ишканасынын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
1/2
Өкмөт үйүнүн алдында экинчи митинг өтүп жатат, алар дагы "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери
© Sputnik / Эркин СадыковМитинг работников ОАО "Северэлектро" у дома правительства в Бишкеке. 02 ноября 2020 года
Чогулгандар жаңы дайындалган башкы директор Улан Астаркуловдун тарапташтары экенин айтышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Чогулгандар жаңы дайындалган башкы директор Улан Астаркуловдун тарапташтары экенин айтышты.
1/2
Өкмөт үйүнүн алдында экинчи митинг өтүп жатат, алар дагы "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери
2/2
Чогулгандар жаңы дайындалган башкы директор Улан Астаркуловдун тарапташтары экенин айтышты.

Астаркуловдун тарапташтары кызматтык формасын кийген эмес, бирок "Түндүк электрде" иштегенин далилдеген кызматтык күбөлүгүн көрсөтүштү.

Аламүдүн району боюнча өткөрүү инженери Алмаз Сарбагышов кызматкерлер акцияга атайын кызматтык формасын кийип чыкпаганын белгилеп, аны менен митингге чыгуу туура эмес экенин айтты.

"Түндүк электр" ишканасынын айланасындагы чуу

30-октябрь күнү эртең менен Улуттук энергетикалык холдингдин жанына 40ка жакын адам чогулган. Алар "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болуп чыгышкан.

Митингчилердин айтымында, Астаркулов кылмыш иштин фигуранты болуп саналат.

Ошол эле күнү алар өкмөт үйүнүн алдына барып, Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылышкан. Чогулгандар менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев жолуккан.

Энергетиктер ага "Түндүк электр" ишканасынын мурдагы башчысы Доскул Бекмурзаев кызматтан мыйзамсыз кеткенин билдиришкен. Алардын айтымында, мурдагы жетекчи арызды 28-октябрь күнү жазса, жаңы жетекчи жамаатка бир күн мурда тааныштырылган.

Ташбаев мурдагы жетекчи Бекмурзаевди 28-октябрдан тарта кызматтан бошотуу боюнча чечим бар экенин кабарлаган.

Бирок акциянын катышуучулары мурдагы башчы кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазбаганын айтышып, ишкана башчысы мыйзамсыз дайындалганын билдиришкен.

Ташбаев жумуштан кеткен аткаминер чечим менен макул болбосо, сотко өзү кайрыла алат деп түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0