COVID жуктургандардын көбү Бишкек менен Жалал-Абадда. Жаңы статистика

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКүндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, вирус жуктургандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 565 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 426 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, вирус жуктургандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары — 119;
  • Ош – 17;
  • Чүй облусу – 69;
  • Ош облусу – 86;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 133;
  • Баткен облусу – 79.

Коронавирустан дагы беш киши акка моюн сунду

Айыккандар:

  • Бишкек – 81;
  • Ош шаары – 52;
  • Чүй облусу – 50;
  • Ош облусу – 77;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 66;
  • Баткен облусу – 62.

Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 59 443кө жетип, анын ичинен 50 409у айыкты.

Акыркы суткада 1 654 ПЦР-тест жүргүзүлгөн.

Кечээ Бишкекте эки, Баткен облусунда бир медиктен COVID-19 табылып, сегиз медицина кызматкери ооруну жеңгени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0