БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Синоптиктер бул жумада борбор калаада күн ачык болорун кабарлады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
1-3-ноябрда жана 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 4-ноябрда күндүз Чүй облусунда күндүн көзү бузулуп, кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Ал эми Талас облусунда жаан жаабайт. 5-ноябрда кайрадан күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-ноябрда кээ бир жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Апта ичинде өлкөнүн түштүк аймактарында күн ачык болот.
Ысык-Көл облусу
1-3-ноябрда жана 4-ноябрда түнкүсүн күн ачык болот. Бирок 4-ноябрда күндүз, 5-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Ал эми күндүз ачык болот.
Нарын облусу
Тоолуу Нарын облусунда дагы бул жумада жаан-чачын көтүлбөйт.
Апта аягы, 6-7-ноябрь күндөрү, өлкө аймагында абанын температурасы бир аз жогорулайт.