Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүПарктын көлмөсүндө өрдөк
Парктын көлмөсүндө өрдөк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1-ноябрь, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.  

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +16...+18  жана Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0