COVID: Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын тизмеси

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Ооруканадагы бейтапратдын бөлмөсү. Архив
Ооруканадагы бейтапратдын бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада эң көп бош орун Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында. Аталган медициналык жайда 55 керебет бар.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

31-октябрь саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан жабыркагандарды дарылоо үчүн 144 орун бар.

Баткенде коронавирустан үч бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 10;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталь — 10;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 21;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 11;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 55;
  • Темир жол ооруканасы — 4;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.

Бүгүнкү статистикалык маалыматта Кыргызстанда COVID жуктуруп, ооруканада 1002 адамдын оор жана өтө оор абалда жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0