Бетиме пластикалык операция жасаткам, жигитим билип калабы деп корком. Кыздын каты

© AFP / CHANDAN KHANNAКыз пластикалык операция жасап жаткан учурда. Архив
Кыз пластикалык операция жасап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет бетине пластикалык операция жасатып, "эми жасалма сулуулугумду жигитим билип калбайбы" деп чочулаган кыздын каты жарыяланды.

Саламатсыңарбы! Азыр менин сыртымдан көргөн киши бул кызда эч бир арман болбосо керек деп ойлошу мүмкүн. Мактангандык эмес, бирок азыр абдан эле чырайлуумун.

Кудай негизи мага табигый сулуулук берген эмес. Эки эжем бар, алар эл катары. Аябай сулуу деп айтпайм, бирок жакшынакай эле кыздар. Мен эле бетим тоголок, көздөрүм бүтүк, оозум чийип койгондой ичке болуп төрөлүптүрмүн. Мурдумдун формасы дагы кичине кезимден эле өзүмө такыр жакчу эмес. Жада калса классташ балдар шылдыңдап "картошка" деп коюшчу.

Университетте окуп жүргөндө кадимкидей келбетимен уялып, группалаштарга көп аралаша албай жүрдүм. Ошол кезде корей сериалдары модага айланып, баарыбыз күнү-түнү көрө баштадык. Актёрлорду карасаң кыз-эркегине карабай баары супсулуу... Аны көрүп менде ого бетер комплекс пайда болду. Көп эч жакка чыкпай, ансыз деле саналуу досторуман ого бетер оолактап кеттим.

Апамдын бай эркектерге таңуулаганынан тажадым. Кыздын каты

Үчүнчү курсту аяктаганда, жайкы каникул учурунда Түркияда жашаган бир тууган эжемдикине кетип калдым. Эң улуу эжем менен жездем бир нече жылдан бери Түркияда иштеп, ошол жакка жайланышып, буттарына туруп калган. Жездем дарыгер, окуусун дагы ошол жактан бүтүргөн. Барарым менен эжем түнт болуп калганымды байкаган окшойт, жанымды койбой ичимдегинин баарын билип алды. Ошол күндөн тарта менин жашоомдо чоң өзгөрүү башталды десем болот.

Жездем кесиптештерине сүйлөшүп, көзүмө сурма жасатып бермей болушту. Кыскасы, 4-курска келгенде көзү бакырайган кыз болуп чыга келдим. Ошондон тарта пластикалык операциялар тууралуу интернеттен окуп, эми мурдумду жасатышым керек деген ой күнү-түнү мээмден кетпей калды. Жаакты ичкертүү боюнча дагы ойлонуп көрдүм, бирок анын баасы оголе кымбат турат экен.

Эжемдин мээсин жеп жатып, кийинки жайкы каникулда кайра бардым. Өзүм сабактан кийин ар кайсы жерде иштеп тапкан акчамды көтөрүп алгам. Жездем кайра кесиптештерине алып барды эле "мурдуңду кырдач кылып жасайбыз, бирок жаакты ичкертүүнүн зарылдыгы жок. Өзү бир аз арыктап же жаактагы майларды сордуртуп алып койсо болот" дешти. Бир жумадан кийин мурдума операция жасалды. Бирок бул ирет көзүмдүкүндөй жеңил болбой, өзүмө келгиче аябай кыйналдым.

Андан бери төрт жыл өттү. Кийин өзүм Бишкектен жаагымдагы майды сордурттум, эриндеримди чоңойттурдум. Диета кармап аябай арыктадым. Кыскасы, азыр өзүмө тулку боюм, келбетим, чачым, тырмактарым, айтор, баары жагат.

Кызым туура эмес жолдо жүрүптүр, кантип жардам берем? Эненин каты

Эми жарым жылдан бери жалгыз эмесмин. Жумуш аркылуу бир жигит менен таанышып калып, жакшы болуп кеттик. Билимдүү, токтоо, шайыр адам. Экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. Бир ай мурда колумду сурап, ата-энем менен таанышты. Ошондон бери бир нерсени ойлонуп, чачым агармай болду. Экөөбүз үйлөнүп, чогуу жашай баштаганда, менин сулуулугум жасалма экенин билип калсачы? Же балдарыбыз мага окшоп, көздөрү бүтүк, мурду жалпайып төрөлсөчү? Муну айтып жатканымдын себеби жигитим өзү жакшынакай. Же азыр эле ачыгын айтып коюшум керекпи? Кеңеш бергилечи, сураныч.

Психолог Перизат Калмаматова:

— Урматтуу автор, сиздин мындай тынчсызданууңуз мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени пластикалык операциянын өзү адамга психологиялык жактан көптөгөн түйшүктөрдү алып келет. Албетте, операция ийгиликтүү жасалган учурда адамда өз келбетине канааттануу, ишеним пайда болот. Бул өзгөрүүнүн оң жактары. Ошол эле учурда операциядан кийин кээ бирөөлөрдө перфекционизм жаралат. Баарын оңдоп, идеалдуу кылып койсо болот турбайбы деген ой менен өзүнөн башка кемчиликтерди издей баштайт. Бул кадимкидей психологиялык түшүнүк. Байкашымча, сизде бул нерсе жок экен. "Азыркы келбетим өзүмө толугу менен жагат" дегениңиз мени кубандырды.

Жаш балдар менен бүлөлүү эркектердин "сунушу" чарчатты. Ырчы кыздын каты

Ал эми жигитиме айтсам же айтпасамбы деген сурооңузга эч ким так кесе кеңеш бере албайт. Бул сиздин жеке ишиңиз.

Бирок ал адамдан өмүр бою бардыгын жашырып коюу мүмкүн эместигин дагы унутпаңыз. Анткени окуучулук, студент кездеги сүрөттөр бар. Же туугандардын бири болбосо бири айтып коюшу мүмкүн.

Эгер ачыктагыңыз келсе, четин чыгарып, реакциясын байкап көрүңүз. Балким, ал сиздин операцияларыңыз тууралуу так билбесе дагы шекшип жүрүшү мүмкүн. Анткени азыркы учурда баарынын колунда интернет бар. Пластикалык операция кылдыргандар тууралуу маалыматтар жетиштүү. Өзүңүз айткандай, билимдүү жигит болсо мурда эле билип, сизди ыңгайсыз абалга койбоюн деп айтпай жүрүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0