Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүПаркта аял коляска менен бара жатат
Паркта аял коляска менен бара жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-октябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 31-октябрь, ишемби күнү, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жергесинде жана Нарын аймагында +7...+12 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +17...+19 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0