08:16 05 Бештин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.1253
  • RUB1.1420
Коом
Кыскача шилтеме алуу
393 0 0

Кечээ кыргыз агартуучуларынын сап башында турган белгилүү окумуштуу, манас таануучу Зияш Бектеновдун туулган күнү болду.

Илимпоз 1911-жылы 29-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы Үркүн окуясына туш келген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн билим берүүгө, "Манас" эпосун изилдөөгө арнаган инсанды эскерип, анын кызы Чынара Бектенова менен маек курду.

Аялы аяп баласынын өлүмүн жашырып койгон. Зияш Бектенов тууралуу 7 факты

— Зияш атанын өмүрү, чыгармачылыгына көз чаптырып отуруп, ал инсандын жашоосунда өтө оор күндөрдү башынан өткөргөндүгүн байкоого болот. Илимпоздун кызы катары сиз эмне дейсиз?

— Атамдын турмушунда өткөргөн күндөрү жөнүндө кеңири сөз кылсам, көз жашымды токтото албай ыйлап эле отуруп калам. Кээде ага аябай боорум ачып кетчү. Мисалы, алты жылдай түрмөдө жатты, кийин алты жыл Иранда согушта жүрдү. Мекенине кайтып келгенде жумушсуз калып, бала-бакырасын бакканга иши, акчасы жок үй камагында отуруп калган. 1966-жылы бир жылдай кызмат эмес, жумуш сурап кайырчыдай болуп жүргөн. Жогорку кызматтагылар аны теңсинбей, Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө киргизбей, эч бир жерге жумушка албай койгон. Балдарынын курсагын тойгузуу үчүн үйдө дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын которуу менен алектенип баштаган. 

Ученый, манасовед и переводчик Зияш Бектенов
Зияш Бектенов Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду яктап, эмгек жолун Ош облусунда агартуучулуктан баштаган

— Ата-энеңиз эрте баш кошуп, бирге түтүн булатып жатканда чоң каргаша болгонун да уккан элем. Жаш түгөйлөр бир күндө эки чүрпөсүнөн ажырап калган турбайбы?

— Ооба. Атам үй-бүлө курганда 24, энем 15 жашта эле. Ошол учурда 18 жашка чыга элек кызды турмушка берүү кадыресе эле көрүнүш экен. 1930-жылдары атам менен Ташым Байжиев азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында сабатсыздыкты жоюу боюнча мектептерди ачып, мугалим болуп иштеп жүргөн. Жаштар ошол жактан таанышып үйлөнгөн. Үч балалуу болгондон кийин апам түштүктөн Ысык-Көлгө араба менен жолго чыгат. Ат арабаны айдаган эркек мас болуп алып түнгө карабай катуу айдап жөнөптүр, көпүрөдөн өтүп бара жатканда бир кыз, бир уулу чоң дарыяга түшүп кетип, байкуш апам капчыгайдын ичинде тун уулу менен эле боздогон боюнча калыптыр. Ал окуяны кийин энем такыр айткысы келчү эмес. Ушундай каргашалуу күндөрдү башынан өткөрүшүптүр. 

Выдающийся ученый, манасовед, языковед и фольклорист Зияш Бектенов с супругой и внуком
© Фото / из семейного архива Бектеновых
Окумуштуу, котормочу, манас таануучу байбичеси Ракыш Найзабек кызы менен 63 жыл бирге түтүн булаткан

Роза Айтматованын ыймандай сыры. Сагыныч, атак-даңк жана арман

— Ошол кыйын жылдардан кийин акталып, бирок өз эли-жеринде да куугунтукталгандыгын көпчүлүк билет, көзү тирүү кезинде Зияш ата ошол жылдарды айтып калган жайы бар. Атаңыздын кезинде эркинен ажыратылганы уул-кыздарына залакасы тийген жокпу?

— Атам өмүрүн агартуучулукка, "Манас" эпосуна, кыргыз тилине арнап жана анын айынан соттолуп, куугунтукталып көрбөгөн кордукту көрдү. Акталгандан кийин деле профессор, академик наамы берилген жок. Энем "жашоо-турмушубуз ушул, үйүбүздөн башка эч нерсе жок, наам деле алган жоксуң" деп күбүрөнүп калчу. Атам болсо тамашалап "кеп ошол наамдарда эмес, мени эл билет, баалайт. Убакыт өткөндөн кийин менин уул-кыздарымдын жүзү жарык болот" дечү. Агам мектепти кызыл аттестат менен аяктап, Фрунзедеги жогорку окуу жайлардын биринин филология факультетине өтө албай койгон. Ачыгын айтканда, институттун жетекчилери коркуп аны жолотпой коюшкан. Анан аргасыздан Москвага барып, байланыш институтуна тапшырып, аны артыкчылык менен аяктаган. Атамдын камакка алынышынын кесепетин агам менен эжем көп эле тартты. 

Выдающийся ученый, манасовед, языковед и фольклорист Зияш Бектенов с детьми
© Фото / из семейного архива Бектеновых
Өмүрүн илимге, агартуучулукка арнаган инсан уул-каздары менен

— "Ар бир күчтүү эркектин аркасында күчтүү аял турат" делет, Зияш атанын байбичеси дагы эрки бекем болсо керек?

— Атам Улуттук илимдер академиясында "Манас" эпосун изилдеп, аны кара сөз түрүндө жазып чыккан. 1951-жылы ошонун айынан улутчул делип 10 жылга эркинен ажыратылып, Ташым Байжиев, Тазабек Саманчин менен Карагандадагы лагерге айдалган. Бир жыл өткөндөн кийин акча, дары-дармектин жоктугунан улам мектеп босогосун аттаганга жарап калган Айнура деген кызы менингиттен чарчап калган. Камактагы атабыз "кызым мектепке бардыбы, жакшы окуп жатабы?" деп сурачу экен. Апам, улуу агам эмне деп жооп берерин билбей, түрмөдөгү кишини аяп, кайгыга салгысы келбей, мектепте биринчи класста окуган кыздын колу менен кат жаздырып бир нече жыл жооп берип жүрүшүптүр. Анткени ал суук кабарды уккан атам ал жактан аман-эсен келбей калышы мүмкүн деп чочулашкан. Апамдын аты Ракыя болчу. Атам түрмөдөн чыгып келгенде "Ракушбайым болбогондо мен түрмөдөн тирүү келмек эмесмин" деп айтып калчу. Мындан сырткары, энем бир нече жыл катары менен тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап алып Казакстандагы атама поезд менен барчу экен. Азыр ойлосом, алар ушундай күчтүү, кыйынчылыктарга моюн сунбаган адамдар болушуптур. Ата-энем 63 жыл бирге жашашты. Көрсө, адамга чыдамкайлык, айкөлдүк, даанышмандык убакыттын өтүшү менен келет экен. 

Супруга выдающегося ученого, манасоведа, языковеда и фольклориста Зияша Бектенова с дочерью
© Фото / из семейного архива Бектеновых
Зияш Бектенов Карагандада камакта жатканда жубайы ага кийим-кече даярдап алып поезд менен барып турган

Мар Байжиев: биз ырысыбызды көтөрө албай койдук

— Атаңыз үйдө кандай адам эле, сиздерге кандай тарбия берди?

— Бизди өтө жакшы тарбиялап, үчөөбүздүн тең жогорку билимдүү болушубузга шарт түзүп берди. Агам Кыргызстандагы байланыш тармагынын түптөөчүлөрүнүн бири, өз күчү менен министр кызматына жетти. Бир эжем дарыгер, дагы бир эжем архивде эмгектенип, мен экономист болуп узак жыл иштедим. Атам өтө шайыр адам эле, тамашасы түгөнчү эмес. Балдарды аябай сүйчү, чөнтөгүнө момпосуй салып алып көчөдө тааныбаган балдарды сөзгө тартып момпосуй таратчу. Өмүрүнүн аягында, эки көзү тең көрбөй калганда да шайдоот болуп, тагдырга баш ийип жашады. 

Ученый, манасовед и переводчик Зияш Бектенов со своей семьей
Илимпоз өмүрлүк жары экөө балдарына татыктуу тарбия берип, тун уулу КРдин байланыш министри болгонго чейин жетишкен

— Соңку сурообуз болсун. Аалы Токомбаевдин "өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деген сөзү бар эмеспи, атаңызды кыргыз эли унутта калтырбай, эмгегин баалап жатабы?

— Тилекке каршы, атамдын кезинде жасаган эмгектери айтылбай калды. Буга чейинки уюштурулган мааракелерге жогорку кызматтагылар тиешелүү көңүл бурбай келет. Атамдын эстелиги азыркыга чейин борбор калаада тургузула элек. Кийинки жылы 110 жылдыгын өткөрүүнү пландап жатабыз, бирок кандай өтөрүн билбейм.

Тема боюнча

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы
Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты
Белгилер:
Окумуштуулар, ата-эне, Зияш Бектенов

ЭҢ МААНИЛҮҮ