Эки кулагы укпаган бөбөктүн жардам сураган апасы: убакыт аз, жүрөгүм тилинет...

CC0 / Pixabay/ HeroPham / Аял колунда кызы менен. Архив
Аял колунда кызы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумгал районунун тургуну Адилет Адышеванын беш баласы бар. Анын кыздарынын кулагы тубаса укпагандыктан, экөөнүн тең тили чыкпай калган.

Бирок үч жаштагы кичүү кызына операция жолу менен атайын аппарат орнотулса толук угуп жана сүйлөп калышына кепилдик бар. Аталган операция тез арада жасалышы керек. Аппарат чет мамлекеттен коюлат.

Кыздары үчүн арга издеген эне Адилет Адышева Sputnik Кыргызстан агенттиги аркылуу эл-журтка кайрылып жардам суроого аргасыз болуп турат.

— Кыздардын кулагы тубаса укпайбы?

— Ооба, улуу кызымды дарылап жүрүп, бир кулагы кичине угуп, үч тамгадан турган кыска сөздөрдү сүйлөп калды. Экинчи кызым сүйлөмөк турсун үн чыгара албайт. Эки кулагы тең такыр укпайт. Бирок дарыгерлер кечиктирбей операция жасатуу керектигин айтып, "эки тараптуу сенсоневралдык дүлөйлүк" (двусторонняя сенсоневральная глухота) деген диагноз коюшту.

© Фото / предоставлено Адилет АдышевойҮч жаштагы Аймончокко операция жолу менен атайын аппарат орнотулса толук угуп жана сүйлөп калышына кепилдик бар
Эки кулагы укпаган бөбөктүн жардам сураган апасы: убакыт аз, жүрөгүм тилинет... - Sputnik Кыргызстан
Үч жаштагы Аймончокко операция жолу менен атайын аппарат орнотулса толук угуп жана сүйлөп калышына кепилдик бар

— Укпай калуусунун себеби эмнеде дешти?

— Мен 2013-жылы менингит болуп катуу ооругам. Ал убакта боюмда жок болчу. Кийин ушул эки кызды төрөдүм. Көрсө дарыланган убакта алган күчтүү антибиотиктердин таасири тийиптир. Алгач врачтар тукумуңарда жокпу дешип жолдошум экөөбүздөн тең анализ алып, ал таза чыккан. Баланы да жыгылып же бир сокку алып калганбы деп текшерип, баары жайында экенин айтышты. Болгону эненин ичинде жатканда менин мурда дарыланганымдын кесепети болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

— Башка балдарыңыздын саламаттыгы жакшы элеби?

— Өзүмдүн беш балам бар. Улуулары мектепте окушат. Алардын ден соолугу жакшынакай эле. Ноябрда үч жашка чыга турган экинчи кызымдын эки кулагы тең укпагандыктан, дарыгерлер операциядан башка эч нерсе жардам бербесин айтып чет мамлекетке жолдомо берген. Азыр бала чоңоюп баратат, үч жашка чейин операция жасалып калса кадимки балдардай так сүйлөп кетет экен. Себеби ушул жашта баланын сүйлөп калуу мүмкүнчүлүгү жогору деп жатышат. Негизи беш жашка чейин операция болсо сүйлөп кетет, андан кийин укканы менен кеч экенин билдик.

Эки ай дешти. Ак канга чалдыккан наристесине жардам сурап карайлаган атанын маеги

— Түркиялык дарыгерлер менен байланыштыңыздарбы?

— Түркияда жашаган Лира Жолчиева аттуу кыз Кыргызстандан баргандарга медициналык жактан жол көргөзүп жардам берет экен. Өзүнүн да ушул жаатта компаниясы бар. Ал кызга компьютердик томографиянын жыйынтыгын жөнөткөнбүз. Балдары угуу жагынан жабыркаган энелер Whatsapp тиркемесинде топ түзүп, маалыматтар менен бөлүшүп турабыз. Операция кайсы ооруканада, кандай жасаларын билдик. Болгону каражат жетпей жатат. Топтогу ата-энелердин бири Стамбулга барып баласын операция жасатып, кохлеардык имплант койдурду. Баш-аягы 20 миң доллар кетти деп жатышат.

© Фото / предоставлено Адилет АдышевойУлуу кызы Зухраны дарылап жүрүп, бир кулагы кичине угуп, үч тамгадан турган кыска сөздөрдү сүйлөп калды
Эки кулагы укпаган бөбөктүн жардам сураган апасы: убакыт аз, жүрөгүм тилинет... - Sputnik Кыргызстан
Улуу кызы Зухраны дарылап жүрүп, бир кулагы кичине угуп, үч тамгадан турган кыска сөздөрдү сүйлөп калды

— Кымбат операция экен да...

— Негизинен аппарат Америкадан алып келинет экен. Операцияга мурда 12-13 миң доллар кетерин билгенбиз. Азыр доллар өскөнүнө жараша аппараттын баасы да кымбаттап 15 миң долларга чейин чыгыптыр. Операциядан бир ай өткөндөн кийин баланын башынын сыртына да аппараттын бөлүгү орнотулат. Ошол себептен Түркияда бир айдан ашык дарыгердин көзөмөлүндө болууга туура келет. Жол кире, тамак-ашка да бир топ акча талап кылынууда. Туугандар жардам берсе араң эле беш миңдей чогуларын эсептедим. Ошол себептен кызыбыздын ден соолугу үчүн кайрымдуу жарандардан жардам сурап жатабыз. Өзүбүздө кошумча киреше булагы жок, айылда турабыз.

— Азыр канча акча чогулду?

— Болгону 60 миң сомго жакын эле акча чогулду. Айылдаштар да аз-маз жардам көрсөтүшкөн.

— Муктаж ата-энелер көп экен. Кыргызстанга хирург чакырсаңар болот бекен?

— Ооба, бул тууралуу да ойлондук. Он ата-эне чогулса, Түркиядан атайын хирург келип операция жасап берип кетет экен. Россиядан да дарыгер чакыртса болорун тактадык, ага 12 500 доллар керектелет. Бирок операциядан кийин башынын сыртына орнотулуучу аппараттын бөлүгүн күтпөй эле кетип калышы мүмкүн болуп турат. Себеби анысы 3-4 жумадан кийин орнотулат.

© Фото / предоставлено Адилет АдышевойАдилет Адышева: "Эл-журттан жардам болсо, чүрпөм эл катары сүйлөп, жаркылдап жүрсө деп тилейм
Эки кулагы укпаган бөбөктүн жардам сураган апасы: убакыт аз, жүрөгүм тилинет... - Sputnik Кыргызстан
Адилет Адышева: "Эл-журттан жардам болсо, чүрпөм эл катары сүйлөп, жаркылдап жүрсө деп тилейм

— Кызыңыздын абалы кандай азыр?

— Кулагы укпаган бала мерезирээк болуп калат окшойт. Эркелетип кучактасаң деле салкын кабыл алат (жашып). Көп күлбөйт. Кызымдын тагдырын ойлоп эле жүрөгүм ооруйт. Такыр укпай жатпайбы. Эл-журттан жардам болсо, чүрпөм эл катары сүйлөп, жаркылдап жүрсө деп тилейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0