Чек арачылар Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен күчөтүлгөн тартипке өттү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө өттү. Бул тууралуу ведомство кабарлады.

Күчөтүлгөн режим президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кечээ 20.00дөн тарта башталды. Учурда чек араларда кырдаал туруктуу.

Баткендеги чек ара чыры: тажик тарап суу түтүктөрүн кайра ала баштады

Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ыкчам маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттерди жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0