Министр: китептерде ката кетпеши үчүн "Окуу китеби" борбору ачылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "География" жана "Табият таануу" китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, министр Алмазбек Бейшеналиев борбордун ишин уюштуруу, окуу китептерин чыгаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу багытында тиешелүү адистер менен жыйын өткөргөн.

Тескери басылган герб, гимн. Окуу китептеги одоно ката боюнча министрлик жооп берди

Ошондой эле министр соцтармакка түз эфирге чыгып, борбордо жалаң кесипкөй адамдар иштей турганын билдирген.

"Окуу китептеринде мындан ары каталар болбошу үчүн министрликтин алдында "Окуу китеби" борбору ачылды. Анда жалаң кесипкөйлөр иштеп, ката кетирбегенге аракет кылышат. Ошондой эле айрым класстардын окуу китептеринде жаш курагына, баланын психологиясына туура келбеген материалдар кетип калган. Эми китептердин мазмунун текшерүү боюнча комиссия түзөбүз", — деди министр.

Эске салсак, "География" жана "Табият таануу" китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган. Мындан тышкары, кыргызстандыктар буга чейин дагы китептердеги каталарга даттанып келишкен. Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Sputnik агенттигине берген интервьюсунда китептеги каталарга басмакана күнөөлүү экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0