Коронавирус: борбор калаанын ооруканаларында 149 орун бар

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВременный госпиталь COVID-19 в автоцентре "Москва"
Временный госпиталь COVID-19 в автоцентре Москва  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталь гана толуп калганына байланыштуу бейтап кабыл ала албайт. Калган стационарларда кеминде 4-5тен орун бар.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаанын стационарларында коронавирус инфекциясын жуктургандарды жаткыруу үчүн 149 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Онкология борбору карантинге жабылып, бейтапканасы иштеп жатат

Маалымат 30-октябрь күнү саат 08:00гө карата берилди.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 4;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 19;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 8;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 60;
  • Темир жол ооруканасы — 11;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 12;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 9;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0