Бишкекте электр жарыгы эмне себептен өчкөнү айтылды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда электр кубатын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды. Жарыктын жоктугу Бишкек ЖЭБдин ишине да таасир тийгизгенин "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жок болуп кеткендиктен, калаа жарыксыз калган. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда Бишкектин бир бөлүгү башка линияга кошулду. Калаанын чыгыш бөлүгүнө да жакынкы аралыкта электр жарыгы берилет.

Учурда электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Мамыралиев: электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жатат

Электр жарыгынын өчүп калышы Бишкек ЖЭБдин ишине да таасирин тийгизгенин "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0