Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүМедик студенттер окуу учурунда. Архив
Медик студенттер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликке медициналык окуу жайлар кара тизмеге киргени боюнча маалыматты Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги кабарлаган.

БИШКЕК, 29-окт. – Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) ректорлору менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Күн тартибинде Пакистан медициналык комиссиясынын Кыргызстандын ЖОЖдорун кара тизмеге киргизип салганы талкууланган. Министрликке окуу жайлар кара тизмеге киргени боюнча маалыматты Кыргызстандын ошол өлкөдөгү элчилиги кабарлаган.

"Мунун себеби Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдору өз өлкөсүндө таанылбай жана алардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатканында экен. Жетекчилик жаралган кырдаалды КРдин жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырды", — дешти министрликтен.

Ошондой эле чет өлкөлүк студенттерге сапаттуу билим берүү ЖОЖдордун кызыкдар экенине карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү белгиленди.

Жаралган кырдаал инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлмөй болду.

Муну менен катар жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында министрликтин жетекчилиги пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырды.

Ошондой эле билим берүү жана илим министри бир катар тапшырмаларды берди:

  • Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү;
  • Билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү;
  • Эл аралык аккредитациялардан өтүү.

Коюлган тапшырмалар аткарылбаган учурда ЖОЖдун лицензиясы мыйзам ченеминде кайрадан каралып чыгат.

Талкуунун жыйынтыгында ректорлор тарабынан төмөнкүлөр сунушталды:

  • Пакистандык тарапка кара тизмени кайрадан карап чыгууну сунуштоо;
  • ЖОЖдорду талаптарга жооп берүүсү боюнча топтоштуруу жана ал топторду кадам-кадам менен "кара тизмеден" чыгаруу;
  • Пакистан тарапка КР ЖОЖдору көрсөткөн кызматтарды баалоо боюнча көз карандысысыз комиссия уюштуруп, анын жыйынтыгынын негизинде "кара тизмедеги" ЖОЖдорду кайрадан карап чыгуусун сунуштоо;
  • Кошумча ЖОЖдордун өкүлдөрү тарабынан Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен боло турчу жолугушууда Пакистанда жүрүп жаткан ортомчу "контрактычылардын" ишмердүүлүгү боюнча суроону көтөрүү өтүнүчү;
  • Пайда болгон көйгөйлөргө убагында жооп берүү жана билим берүү сапатын көтөрүү максатында мындай жолугушууларды белгилүү тартип менен өткөрүп туруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0