Кыргызстан малдын 800 тонна ичеги-карынын чет өлкөгө сатты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЭт саткан базар. Архив
Эт саткан базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстандан малдын ичеги-карыны төрт өлкөгө экспорттолду. Былтыр ушул эле мезгилде үч мамлекет сатып алган. 

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Январь айынан баштап августтун аягына чейин Кыргызстан чет өлкөгө малдын 825,4 тонна ичеги-карынын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган.

Экспорттолгон ичеги-карындын жалпы суммасы дээрлик 50 миллион сомго (669 миң доллар) бааланган.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

Кайсы өлкөлөр сатып алган:

  • Вьетнам — 363,7 тонна;
  • Гонконг — 419,9 тонна;
  • Мьянма — 22 тонна;
  • Түркия —19,8 тонна.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 740,6 тонна ичеги-карын сатылган болчу. Бирок түшкөн каражаттын суммасы көп төмөндөгөн эмес, сом менен 48,5 миллионго азайган, деген менен доллар менен эсептегенде 695,4 миңди түзөт.

Былтыр Вьетнамга 700 тонна, калганы Мьянма менен Казакстанга экспорттолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0