Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүШаардык парк
Шаардык парк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 29-октябрда, күндүз республиканын айрым аймактарында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй менен Талас облусунун өрөөндөрүндө жаан карга айланат. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын жергесинде 15-20 метрге жетет.

Бишкекте абаны булгаган автоунааларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө. Видео

Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас менен Ысык-Көл аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14 жана Нарында +1...+6 градус болору айтылды.

Абанын температурасы Бишкекте +7...+9 жана Ош шаарында +12...+14 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0