Сауд Аравия Кыргызстанга кичи ажылыкка уруксат берген жок

© REUTERS / Saudi Ministry of MediaМеккада зыяратчылар. Архив
Меккада зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрдын башынан тарта умрага 108 өлкөнүн жарандарына уруксат берилген. Булардын катарына Кыргызстан азырынча кирген эмес.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сауд Аравия Кыргызстанга кичи ажылык кылууга уруксат берген жок. Билдирүүнү муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев тастыктады.

Анын айтымында, ноябрдын башынан баштап кичи ажылык жасоого 108 өлкөнүн жарандарына уруксат берилген. Булардын катарына Кыргызстан азырынча кирген эмес.

"Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги сентябрь айында расмий билдирүү тараткан. Анда кичи ажылык эпидкырдаалга жараша үч этап менен жүргүзүлөт деп жазылган. 1-2-этапта Сауд Аравиянын жарандары үчүн гана өткөрүлмөк. Ал эми 3-этапта ноябрдан баштап чет элдик жарандар бармак. Министрлик коронавирус боюнча ар бир мамлекеттин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып, аларды түстөргө бөлүп чыккан. Кичи ажылыкка уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси жашыл түскө киргизилсе, азырынча уруксат берилбей турган мамлекеттер сары түскө, такыр эле барганга болбой турган өлкөлөр кызыл түс болуп көрсөтүлөт. Кыргызстанда азыр эпидкырдаал туруктуу болбой жаткандыктан сары түскө кирген", — деди Атабаев.

Кичи ажылыкка уруксат берилген 108 мамлекеттин ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай сыяктуу мамлекеттер бар. Ал эми сары түстөгү тизмеге Кыргызстан, Иран, Италия, Египет сыяктуу мамлекеттер кирген.

Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе

Атабаев бул убактылуу чечим экенин айтып, өлкөдө ооругандар азайып, кырдаал турукташса Сауд Аравия Кыргызстанды жашыл түстөгү тизмеге киргизет деп ишене турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0