УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Жазылуу
Буга чейин отставкага кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындаган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматы чындыкка дал келбейт. Бийлик криминал, коррупция менен күрөштү дагы да күчөтөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин отставкага кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындаган. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаев бүгүн же эртең абактан бошотулушу ыктымал деп айткан.

"Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дүйшөбаевдин "бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алган" деген маалыматы чындыкка дал келбейт. УКМК коррупция жана криминалдар менен активдүү күрөшүп жатат. Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүрүүдө. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаж кылуу, криминалдарды жок кылуу боюнча иштер уланып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып 15-октябрда Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындаган.

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

Камчы Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, иш тергелип бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0