Өкмөт мектеп, бала бакчаларды ачуу маселесин карады

Жазылуу
Жыйында ар бир калктуу конуштагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мектептерди этап-этабы менен ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова бала бакчалардын жана мектептердин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КРдеги өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФтин КРдеги өкүлү Кристин Жольм, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат беришкен.

Назира Артыкова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Гебрейесустун кайрылуусун жеткирди. Анда мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк менен бирге санитардык талаптарды аткарса мектептерди жабуунун кажети жок экендиги жазылган.

Жыйында ар бир калктуу конуштагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мектептерди этап-этабы менен ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралган.

"Калк жашаган ар бир аймактын эпидемиологиялык абалына талдоо жүргүзүү шарт. Бизде толук жана ишенимдүү маалымат болушу керек. Мектептер менен бала бакчалар ачылган учурда эпидемиологиялык кырдаалдын ар кандай учуруна даяр туруу зарыл", — деди Исмаилова.

Вице-премьер мектептер ачылса бардык мамлекеттик органдар жергиликтүү деңгээлде көзөмөлдү күчөтүп, ооруну алдын алуу үчүн алгоритмди аткаруу жоопкерчилигин алышы керек деп эсептейт.

Бир күндө 568 адамдан COVID-19 аныкталды, 3 400 бейтап ооруканада

Аида Исмаилова өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоо тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0