Македониядагы математика олимпиадасында кыргыз окуучулары 3 медаль алышты

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЛицей №1580 в Москве
Лицей №1580 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиада онлайн-режимде өтүп, ага Кыргызстандан 35 окуучу катышкан. Жеңишке жеткен үч окуучу тең 2019-2020-жылдагы альтернативдүү олимпиаданын жеңүүчүлөрү.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Македонияда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык үч окуучу күмүш жана коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, олимпиада онлайн-режимде өтүп, ага Кыргызстандан 35 окуучу катышкан.

"Анда №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Жантай Жусупов күмүш медаль, Эрбол Есенгулов менен "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Эльдар Искендеров коло медалдын ээси болушту", — деп айтылат маалыматта.

15 орундуу санды көбөйтүп, калыстарды таң калтырган Нурболот. Видео

Белгилүү болгондой, бул үч окуучу тең 2019-2020-жылдагы альтернативдүү олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат. Алар август айында Кыргызстандын курама командасы үчүн уюштурулган жайкы даярдоого катышкан.

Курама команданы Мамат Ишматов, Мурат Абдувалиев, Амир Мохаммед-Али даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0