Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө курууга сынак жарыяланды

Жазылуу
Буга чейинки сынакта эреже бузуулар болгондуктан тендер өткөн жок деп табылган. Жаңы конкурска арыздар 13-ноябрь саат 16:55ке чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө курууга кайрадан сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Көпүрөнүн узундугу 18 метр, унаа жолунун туурасы 11 метрден, ал эми жөө адамдар өтүүчү жери эки тараптан тең 3 метрден болушу керек.

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Видео

Долбоордун наркы 23 миллион сомду түздү. Арыздар 13-ноябрь саат 16:55ке чейин кабыл алынат.

Мэрия буга чейинки сынакта эреже бузуулар болгондуктан аны өткөн жок деп табылганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0