Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек

© Фото / WeiT MediaКыргызстандык окуучу Нурболот Исматиллаев
Кыргызстандык окуучу Нурболот Исматиллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү “Россия 1” телеканалынын “Удивительные люди” деп аталган таланттуу адамдардын сынагына кыргызстандык окуучу Нурболот Исматиллаев катышып, калыстарды таң калтырды.

Өспүрүм эки этаптан турган сынактын биринчи турунда стакандардан тездик менен пирамида куруп (спорт-стекинг) жатып берилген арифметикалык эсепти так аткарып койгон. Экинчи этабында 15 орундуу санды 15 орундуу санга көбөйтүү менен укмуш адам аталып, залды жаңырткан көрүүчүлөрдүн сүрөөнүнө, калыстардын суктануусуна ээ болду. Бирөөсүнүн "Кыргызстанда ушундай балдар бар экенине сыймыктанам" деген сөзү өлкөнүн абалына тынчсызданып турган ар бир мекендештин жүрөгүнө дары болду.

Баарыбызды сыймыкка бөлөгөн Нурболот Бишкектеги №68 гимназияда 6-класста окуйт. Ал “Интеллект” билим берүү борборунда менталдык арифметика боюнча эки жыл билим алган. Ушул эле борбордон спорт-стекинг (стакандардан тездик менен пирамида куруу) менен да алектенип, жакшы ийгиликтерди жараткан. Аталган борбордун жетекчиси Жакшылык Матановдун айтымында, менталдык арифметика жана спорт-стекинг баланын акыл-эсинин өсүшүнө, мээдеги майда моторикалардын өрчүшүнө чоң өбөлгө түзөт. Менталдык арифметикага беш жаштан он эки жашка чейинки гана балдар кабыл алынат. Андан кийин кеч болуп калат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Нурболоттун апасы Минура Токторова менен байланышып маек даярдады.

Минура Токторова уулу Нурболот учурда IT тармагына да кызыгып, келечекте IT адиси болууну жана дүйнөнү кыдырууну кыялданат.

© Фото / из личного архива Минуры ТокторовойБашкалардан 15 орундуу санды 15 орундуу санга көбөйтө алгандыгы менен айырмаланды. Негизи жыйырма орундуу санды көбөйтүүгө жетишкенбиз. Бирок ал кээде туура, кээде туура эмес чыгып калып жаткандыктан 15 орундуу сан менен бардык
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Башкалардан 15 орундуу санды 15 орундуу санга көбөйтө алгандыгы менен айырмаланды. Негизи жыйырма орундуу санды көбөйтүүгө жетишкенбиз. Бирок ал кээде туура, кээде туура эмес чыгып калып жаткандыктан 15 орундуу сан менен бардык

— Нурболотту кандайча менталдык арифметикага катыштырып калдыңыз?

— Мен башынан эле Нурболоттун математикага жөндөмдүүлүгүн байкачумун. Кыргызстанга менталдык арифметика алгач келгенде эл арасында аябай талкуу жараткандыктан жакшы көрсөткүчтөр болуп жатканын угуп кызыгып калдык. Ошондон тарта окуу борборлорду тандап, Жал кичи районунда жайгашкан "Интеллект" билим берүү борборуна барып, алгачкы сабагына катыштык. Бирок өзүбүз Кызыл-Аскерде тургандыктан аябай алыс болуп каларын ойлогондо айный баштадым. Жолдошум экөөбүз үйгө жакыныраак жерден окуталы дедик. Аны балама айтсак "бул жакка бир келгенден кийин аягына чыгам" деп болбой койгон. Акыры жаман болгон жок. Бир жыл алты ай окуп, жакшы жыйынтыктарды көргөздү. Кышында эшик ызгаар болуп турганда боорум ооруп "бүгүн барбай эле койчу" деп айныткан күндөрүм да болду. Бирок көгөрүп "жок" деп болбой барчу.

© Фото / из личного архива Минуры ТокторовойАлгач Россияга видео жөнөттүк алар жактырып, кийин онлайн текшеришти. Андан өтүп кетти. Ошондон кийин гана келишим түздүк. Негизи жаздан бери эле даярдык көрүп жатканбыз
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Алгач Россияга видео жөнөттүк алар жактырып, кийин онлайн текшеришти. Андан өтүп кетти. Ошондон кийин гана келишим түздүк. Негизи жаздан бери эле даярдык көрүп жатканбыз

— "Удивительные люди" теледолбооруна кандайча барып калды?

— "Интеллект" билим берүү борборунун "Россия 1" телеканалынын таланттуу адамдар катышкан "Удивительные люди" сынагы менен келишими бар экен. Анын негизинде аталган долбоорго Кыргызстандан жылына онго чейин бала катышып турууга мүмкүнчүлүк бар. Былтыр да Кыргызстандын атынан бир эле бала катышкан. "Интеллект" окуу борборундагы окуган башка балдардан 15 орундуу санды 15 орундуу санга көбөйтө алгандыгы менен айырмаланып, быйыл Нурболот барды. Негизи жыйырма орундуу санды көбөйтүүгө жетишкенбиз. Бирок ал кээде туура, кээде туура эмес чыгып калып жаткандыктан 15 орундуу сан менен бардык. Алгач Россияга видео жөнөттүк, алар жактырып, кийин онлайн текшеришти. Андан өтүп кетти. Ошондон кийин гана келишим түздүк. Негизи жаздан бери эле даярдык көрүп жатканбыз.

© Фото / из личного архива Минуры ТокторовойБалам Кыргызстандын атынан катышып жатканына сыймыктанып отурдум. Башкача сезимдер коштоду. Бир чети санааркадым. Бирок Нурболотко ишендим
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Балам Кыргызстандын атынан катышып жатканына сыймыктанып отурдум. Башкача сезимдер коштоду. Бир чети санааркадым. Бирок Нурболотко ишендим

— Балаңыз "Россия 1" телеканалында эл алдына чыкканда кандай сезимде болдуңуз?

— Аябай толкунданат экенсиң. Балам Кыргызстандын атынан катышып жатканына сыймыктанып отурдум. Башкача болдум, айтор. Бир чети санааркадым, бирок Нурболотко ишендим. Себеби ага чейин элдин алдына чыгып көнүп калган. Анын үстүнө "Баластан" каналында да иштеп жатат. Ошентсе да сахнага жаркыраган жарыктар берилип, элдин көбүнөн балам деле бир аз сүрдөдү. Атасы да колу бошобой бара албай калган. Теледолбоорго Нурболот экөөбүздүн эле видеобуз чыгып, ал да интервьюсунда "менталдык арифметикага апам алып барган" деп мен жөнүндө эле айта бериптир. Кийин режиссёрлор "баланын атасы жокпу?" деп сураганын угуп, балам аягында атаң тууралуу да айт дегем. Бирок сүрдөп унутуп калыптыр (күлүп). Болбосо атабыз Нурболотту абдан колдойт. Бардык олимпиадаларга өзү алып барат.

© Фото / WeiT MediaТашкентте өткөн эл аралык олимпиадада менталдык арифметика боюнча 3-орунду алып келди. Андан кийин Ысык-Көлдө жана Оштон 1-орунду багынтып, кийин онлайн турүндө өткөн дүйнөлүк олимпиадада 1-орунга ээ болду
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ташкентте өткөн эл аралык олимпиадада менталдык арифметика боюнча 3-орунду алып келди. Андан кийин Ысык-Көлдө жана Оштон 1-орунду багынтып, кийин онлайн турүндө өткөн дүйнөлүк олимпиадада 1-орунга ээ болду

— Нурболот берүүнүн жүрүшүндө орто жерден ыйлап жиберген экен...

— Кечээтен бери тааныштардын баары мага чалып, көрүп отуруп сүйүнгөндөн ыйлаганын айтып "кантип жөн эле отурдуң?" деп сурап жатышат. Мен балама ишенгем. Негизи баарын туура эле чыгарган. Бирок 15 орундуу санды көбөйткөндө компьютердин экранына толук батпай, алдына түшүп кеткендиктен кээ бир сандары көрүнбөй калган. Кайра текшерип жатканда ошондон жаңылып калды. Жөн гана "жооп" деген баскычты эле басып коюшу керек эле. Бала неме адашып кетти. Ошол жерде отуруп уулума "жоопту" эле басасың деп айта албай же баламдын оюн түшүндүрүп бере албай кызыктай абалда калдым. Режиссёрлор "ыйлаган жериңди кийин көрсөтпөй кесип коёбуз" деп кайра экинчи мүмкүнчүлүк бергенде дароо чыгып эле эсепти туура чыгарып кетти. Аталган долбоордо 600 киши иштейт экен. Репетиция учурунда бир эле Нурболот менен он чакты киши иштеди. Психологдору да күчтүү экен.

© Фото / WeiT MediaМенталдык арифметика жана спорт-стекинг боюнча Казакстанда өткөн Central Asia"s Got Talent сынагына катышып, финалга чыккан. Бирок добуш берүүдө Тажикстан биринчиликти алып кетти
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Менталдык арифметика жана спорт-стекинг боюнча Казакстанда өткөн Central Asia"s Got Talent сынагына катышып, финалга чыккан. Бирок добуш берүүдө Тажикстан биринчиликти алып кетти

— Канча күн жүрдүңөр?

— Россияга 20-сентябрда учуп кеткенбиз. Үч күн даярдандык, үчүнчү күнү кечинде сынакка тартылдык. Ага чейин бизди шаарга алып чыгышып, кошумча видеого тартып даярдашты. Кандай кийим кийип, кайсы жерден чыгуу керектигинен бери дайындалып туруп тартуу иштери башталды. Шоунун ортосунда Нурболот сүрдөп, ыйлап жибергенде да, залга дароо эле психологдор чуркап чыгып, балага психологиялык колдоо көрсөтүп кайра сахнага алып чыгышты. Кийин калыстар тобу да жылуу пикирин билдирип, "Кыргызстанда ушундай балдар бар экенине сыймыктандым" дегенде көзүмө жаш тегеренди.

— Жыйынтыгы кандай болду?

— "Удивительные люди" телесынагынын 5-сезонундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Нурболот 3-орунду алды.

© Фото / WeiT MediaНурболот көп орундуу сандарды көбөйтүүгө аябай кызыгып окуйт. Генден да көп нерсе көз каранды го деп калам, себеби атасы математикага абдан кызыгат. Тайларында да математиктер бар
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Нурболот көп орундуу сандарды көбөйтүүгө аябай кызыгып окуйт. Генден да көп нерсе көз каранды го деп калам, себеби атасы математикага абдан кызыгат. Тайларында да математиктер бар

— Азыр "Баластанда" да иштеп жатабы?

— "Баластан" балдар каналында "Билесиңби?" берүүсү жаңы ачылды. Аталган телеберүүнү алып баруучулукка кастинг жарыяланган. Нурболот сынактан өтүп, азыр ошол жакта иштеп жатат.

— Буга чейин да эл аралык олимпиадаларга катышкан экен?

— Аталган окуу борборунда окуп жатып эле олимпиадаларга бара баштады. Алгач Ташкентте өткөн эл аралык олимпиадада менталдык арифметика боюнча 3-орунду алып келди. Андан кийин Ысык-Көлдө жана Оштон 1-орунду багынтып, кийин онлайн түрүндө өткөн дүйнөлүк олимпиадада 1-орунга ээ болду. Нурболот көп орундуу сандарды көбөйтүүгө аябай кызыгып окуйт. Генден да көп нерсе көз каранды го деп калам, себеби атасы математикага абдан кызыгат. Тайларында да математиктер бар.

© Фото / WeiT MediaКийин калыстар тобу да жылуу пикирин билдирип, "Кыргызстанда ушундай балдар бар экенине сыймыктандым" дегенде көзүмө жаш тегеренди
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кийин калыстар тобу да жылуу пикирин билдирип, "Кыргызстанда ушундай балдар бар экенине сыймыктандым" дегенде көзүмө жаш тегеренди

— Спорт-стекингден да ийгиликтерди жаратканын уктук?

— Ооба, "Интеллект" борборунан спорт-стекинг курсуна да катышты. Аталган спорттун түрү боюнча былтыр эл аралык олимпиада өтүп, ага катышуу үчүн Кыргызстанга бир орун берилген. Нурболот Кыргызстан боюнча 1-орунду камсыздап, 2020-жылдын апрель айында Сингапурда өтүүчү олимпиадага жолдомо утуп алган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бара албай калды. Ошондой эле менталдык арифметика жана спорт-стекинг боюнча Казакстанда өткөн Central Asia's Got Talent сынагына катышып, финалга чыккан. Бирок добуш берүүдө Тажикстан биринчиликти алып кетти.

— Үй-бүлөңүздөр тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен Улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөнүм менен мугалим болуп иштеген жокмун. "Эркин Тоо" гезитинде корректор болуп иштеп, кийин балдарга тарбия берүү, окутуп эле үйдө отуруп калгам. Атасы "Дордойдо" соода кылат. Нурболот улуу балабыз. Мындан кийин тогуз жана беш жаштагы балдарыбыз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0