Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда

© Пресс-служба АФК "Система" / Медиабанкка өтүүCOVID-19 каршы вакцинасын өндүрүү. Архив
COVID-19 каршы вакцинасын өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакбаевге "коронавируска каршы Россия иштеп чыккан вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүү уланып жатабы" деген суроо узатылган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы Россияда чыккан вакцинанын көлөмүн жана кандай шартта ала турганын карап жатат. Бул тууралуу КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев РИА Новостиге билдирген.

Министрге "коронавируска каршы Россия иштеп чыккан вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүү уланып жатабы" деген суроо узатылган.

"Азыркы мезгилде Россиянын коронавируска каршы чыгарган вакцинасынын көлөмү, аны жеткирүү боюнча маселени биздин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги карап жатат. Бир чечимге келгенден кийин бул маселени Россия менен талкуулайбыз", — деди Казакбаев.

Тышкы иштер министри коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы препарат азыркы учурда абдан зарыл экенин айткан.

"Эпидемия күч алып турган оор мезгилде вакцина иштеп чыгуу адамзат үчүн өтө зарыл жана керек болуп саналат", — деди министр.

Ал Кыргызстандын калкын эмдөө үчүн Россиянын препаратын алуу маселеси буга чейин Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйынында козголгонун эскертти.

Жыйында Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси текшерүү стадияларынан өткөндөн кийин артыкчылыктуу тартипте карала турганын айткан

Вирусолог COVID-19га каршы вакцина жардам бере албай турган адамдардын тобун атады

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган. Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0