Борисов: Тез жардамдын медиктери айлыктан улам жумуштан ыйлап кетип жатышат

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейинки жетишсиздик 30 миллиард сомдон ашык экенин билдирип, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын айткан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Айлыктын аздыгынан улам медиктер жумушун таштап жатышат. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов Twitter тармагындагы баракчасына жазды.

​Анын айтымында, учурда 80 дарыгерге бош вакансия бар.

"Азыр иштеп жаткан медиктер дагы жумуштан кетүү жөнүндө көп айта башташты. Кептин баары маянада болуп жатат. Азыркы абалды баарыбыз көрүп, түшүнүп турабыз. Андыктан айлык көбөйөт дегенге эч ким ишенбей калды. Медиктер көздөрүнө жаш алып иштен кетип жатышат. Жумушун сүйөт, бирок жегенге тамак керек да", — деди Борисов.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейинки жетишсиздик 30 миллиард сомдон ашык экенин билдирип, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын айткан. Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон сапарында жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 миллион долларга жетерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0