ПЦР-тест кайсы өлкөдө канча турат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТест-системы для диагностики нового коронавируса
Тест-системы для диагностики нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир өлкөдөн экинчисине өткөн адам сөзсүз түрдө коронавирус жуктурбагандыгы тууралуу тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Көптөгөн өлкөлөр чек арасын ачып, чет элдиктерге кирүүгө уруксат бергени менен ар бир кишиге коронавируска ПЦР-тест тапшыруу талабын коюуда. Sputnik Казакстан агентиги өлкөлөрдө бул тесттин баасы канча турарын жана тапшыруу шарттарын билип көрдү.

Казакстан

Коңшуларда ПЦР-тест тапшыруунун акысы март айынан бери 1,5 эсеге арзандаптыр. Анда дээрлик 20 миң теңге турса, учурда 8 миң теңгеге (1500 сомдон бир аз көбүрөөк) тапшырса болот. Баса, Казакстан бүгүндөн тарта коронавирус жуктурбаганын далилдеген маалым кат жок өз аймагына казак жарандарын дагы киргизбейт. Тесттин жыйынтыгы 72 саатка чейин жарактуу болуп эсептелет.

Россия

Россияда бир кишинин тест тапшыруусу үчүн 2 300 рубль керек (2 600 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 24-72 сааттын ичинде даяр болот.

Өзбекстан

Ташкентте ПЦР-тест тапшырууну каалагандар 250 000-300 000 сум (1 800-2 400 сомдун тегереги) төлөшү керек. Жыйынтыгын 24 сааттын ичинде чыгарып беришет.

Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме

Украина

Киевде ПЦР-тесттин баасы 950 гривен (2 700 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 12-24 саатта колго тиет.

Түркия

Стамбул шаарында коронавируска тест тапшырууга туура келип калса капчыкта 250-400 лираңыз (2500-4000 сомдун тегереги) болушу керек. Жыйынтыгын 24 сааттын ичинде аласыз. Аэропорттордо 4 сааттын ичинде даярдап беришет.

Түштүк Корея

Сеул шаарында ПЦР-тест бир топ кымбат, 100 доллардан 200 (8 миң-16 миң сомдун тегереги) долларга чейин жетет. Жыйынтыгы 12-48 саатта чыгат.

Египет

Кыргызстандык туристтер көп каттаган Шарм-эль-Шейхте ПЦР-тестти 180 египет фунтка (8500 сомдун тегереги) тапшырууга болот. Жыйынтыгы 48 саатта чыгат.

Бириккен Араб Эмирлиги

Дубай, Шарджа, Абу Даби, Аль Айне шаарларында тесттин баасы — 150 дирхам (3200 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 24-48 саатта чыгат.

Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер

Германия

Франкфурт, Дюссельдорф, Мюнхен шаарларында тест тапшыруу жыйынтыгы даяр болчу убакытка жараша 59-139 евро турат. Бул 5600-13 000 сомдун тегерегиндеги сумма. Жыйынтыгы 6 сааттан 24 саатка чейин берилет.

Кыргызстан

Ал эми Бишкекте ПЦР-тесттин баасы — 1 700 сомдон 2 390 сомго чейин. Жыйынтыгы 24-48 саатта даяр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0