Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0