606 жаңы учур. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын статистикасы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүCOVID-19 оорукананын медициналык кызматкерлери
COVID-19 оорукананын медициналык кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган. Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 606 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 279 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 36;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 97;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Жалал-Абад облусу – 184;
  • Баткен облусу – 105.

Айыккандар:

  • Бишкек – 53;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 25;
  • Ош облусу – 73;
  • Талас облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 30.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 55 750гө жетти. Анын ичинен 47 616сы айыгып, 1 134 бейтап көз жумду.

Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

Бир суткада 6 медиктен коронавирус табылган. Алар:

  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3.

Ошол эле учурда 15 медкызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0