Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдары ооруп, дарыга акчасы жок болуп дарыканадан акча уурдай качкан Токмоктогу жигит эсиңиздердеби? Окуянын өзү, фемида өкүлдөрүнүн ага чыгарган чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Каарманыбыз Замирбек Кожоканов 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дарыканадан курткасын күрөөгө коюп дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тартканда акча алып чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй акчаны кайтарып берип, милицияга өзү барган. Дарыкананын ээси доом жок деп жазып бергенине карабай, Кожоканов беш жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал жаза 2,5 жылга кыскарган.

Учурда 34 жаштагы Кожокановго ырайым берилип, бир жылдык жазасы кыскарып эркиндикке чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Замирбек Кожокановдун учурдагы абалы, жашоосу тууралуу өзү менен сүйлөштү.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Бишкекте курулуш тармагында иштеп жүрөм. Мурдатан эле курулушта ички жасалгалоо, евроремонт менен алектенчүмүн. Азыр иштеген жеримде эле жатып, көп кабаттуу үйдөгү батирдин ичин жасап жатабыз.

— Үй-бүлөңүз Токмоктобу?

— Ооба, эки кызымды апам карап жатат. Эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим менен кичүү уулумду эки жылдан бери көрө элекмин. Аялым менен таарынышып кеткенбиз. Эми ага ар кандай себептер болуп калды. Убактылуу кармоочу жайда жатканымда бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин байланышкан жокпуз. Абактан чыккандан кийин издеп барган да жокмун. Баргым да келген жок.

Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

— Көңүлүңүз ооруп калган окшойт?

— Ошондой болуп калды. Көчөдөн көрүп калсам деле артынан чуркап барбайт болчумун. Азыр баары жакшы, кыздар ата-энемдин колунда. Иштерим деле, кудай буюрса, жакшы болуп жатат.

— Апаңыз сиз камалганда насыя алганын айтып жатты эле…

— Азыр карыздардан толук кутула элекпиз. Бир аз бересем бар. Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда жатканда тергөөчүгө дос балам 20 миң сом берген. 

© Sputnik / Эмиль СадыровДарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын

— Кандайча тергөөчүгө акча бердиңер?

— Токмокто жатканда тергөөчү камераны ачып туруп "сотко сүйлөшүп, абактан бошоттуруп берем" деп 20 миң сом сураган. Мен дароо дос балама байланышып, ал машинасын күрөөгө коюп, эртеси эле акчаны алып келип берген. Көрсө мени алдап коюшуптур. Ошентип досум кийин тергөөчүгө чалып жүрдү. Ал акыры номерин алмаштырып койду окшойт, өчүк болуп калды.

— Абакта толук бир жыл отурдуңузбу?

— Жок, бир жарым жыл отурдум. Беш жыл менен "централкага" (СИЗО-1 — ред.) киргем. Ал жактан бир ай өтпөй эле Бакыт жана Тилек (Тилек Мамбетов — ред.) деген эки адвокат мени облустук сотко чакыра баштады. Ошол эки адвокатым чуркап жүрүп, беш жылды эки жарым жылга кыскартып берди. Андан кийин Жалал-Абаддагы абакта 1,5 жыл отургандан кийин, так датасы эсимде жок, бир күнү эле микрофондон фамилиямды айтып чакырды. Барсам, адвокатым Тилек Мамбетов президентке кайрылып, жаза өтөөчү бир жылымды алдырып бергенин айтышты.

Токмоктогу дарыканадан акча уурдай качкан жигитке ырайым кылынды

— Сизди алгач беш жыл эркиңизден ажыратуу менен кошо 70 миң сом айып салды эле. Кийин 50 миң сомго азайган…

— Ооба, аны да төлөдүм. Ишимди тергөөчү, орусча айтканда, чалды-куйду толтуруп салыптыр да. Мурда бандиттер менен байланышы болгон өңдүү жалаа жаап салышкан экен. Бирок сотто мурун армияда кызмат өтөгөнүм, үй-бүлөлүк абалым каралды.

— Ошол каргашалуу күнү балаңыз аябай ооруп жатты беле? Эмнеге мындай ишке баргансыз?

— Ошол күнү акчага аябай муктаж болуп калдым. Бир жерде иштеп, ал жактан да иштеген акчамды бербей алдап кетишти. Негизи ал күнү ошол кишини издеп жүргөм. Ортодон бирөөлөргө жолугуп ачуум менен бир аз ичимдик да ичип алгам. Иччү эмесмин. Балам да грипп болуп ооруп жаткан. Анан ушундай окуя болуп кетти. 

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Сот балкасы

— Кыздарды жалгыз багып, бир чети сизге чуркап ортодон апаңыз кыйналыптыр. Сиз жалгыз уулсузбу?

— Жок, жети бир тууганмын. Эки эркек, беш кыз. Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Мен үй-бүлөм менен бөлүнүп, Токмоктун кичи районунда батирде турчумун.

— Баарынан кыйыны эмне болду?

— Башымдан өткөн күндөрдүн ичинен эң кыйыны соттолуп кеткеним, беш жылга эркимден ажыратуу тууралуу соттун чечимин угуу болду. Кийин 2,5 жыл бергенде беш жылга караганда шүгүр дедим. Жаза өтөө мөөнөтүмдүн бир жылы кыскартылган соң эки айдан кийин абактан чыктым. Азыр толугу менен пробация да бүттү. Айдын башында жана аягында келип турасың дешкен. Ушул жылдын 18-августунда Жалал-Абаддан бошоп чыктым. Кечинде коё берди. Алар да убакыт-сааты менен чыгарат экен. Анан ошол жакта отурган балдар жардам беришти, үйдөгүлөр акча салып маршрутка менен Чүйгө келип алдым.

"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек

— Алгач кандай сезимде болдуңуз?

— Бошоп чыкканда эле эркиндикти сездим. Баа-баркы билинди.

— Алдыда пландарыңыз барбы?

— Эми кайрадан үйлөнүп, жаңы жашоо баштоону чечтим. Балам чоңойсо кийин издеп келер. Кыздарымды багып эле өз алдымча жаңы жашоо баштайм.

— Абактан кийин кандай ойдо калдыңыз?

— Баарын акча чечип калыптыр. Оор кылмыш кылган адам деле акчасы болсо кутулуп кетет турбайбы. Абакта деле кээ бир балдар менен сүйлөшүп калдым. Ал жакта деле ак жеринен отургандар бар. Көчөдө кетип бара жаткан жеринен кармалып, кылмышты мойнуна алып калган. Айтор, оор тагдырлар көп экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0