Бишкектин эски аянты Турдакун Усубалиевдин ысымы менен аталды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын эски аянты. Архив
Бишкек шаарынын эски аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук ишмердин ысымын аянтка ыйгаруу чечимин шаардык кеңеш өткөн жылы кабыл алып, ал быйыл күчүнө кирди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектеги эски аянт октябрь айынын башынан тарта Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин ысымы менен аталды.

Буга байланышкан токтомду Бишкек шаардык кеңеши мындан туура бир жыл мурда кабыл алган. Документте чечим 2020-жылдын октябрынан күчүнө кирери айтылган.

Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты

Шаар кеңешинин депутаттары бул чечимди бир добуштан жана эч кандай талкуусу жок кабыл алышкан.

Эске салсак, 2019-жылы Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0