ДССУ тобокелчилик тобундагылардын 75%ын эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштады

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканада эмдөө учурунда. Архив
Ооруканада эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө баарына вакцинация жасоо мүмкүнчүлүгү жок. Мындан улам менчик медицина борборлорунан акы төлөп эмдөөдөн өтүү сунушталат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жылы сасык тумоого каршы вакцинациядан өткөн калктын 2,3 пайызы болсо, анын ичинде тобокелчилик тобундагылар 21 пайызды түзөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу сасык тумоого жана башка курч респираторук жугуштуу оорулардан улам адам өлүмүнө жана оорунун өтүшүп кетишине жол бербөө максатында вакцинация алган тобокелчилик тобундагы адамдардын саны көбөйгөн. Ал топко жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасы жана башка өнөкөт оорусу барлар, 65 жаштан жогоркулар, тез-тез ооруп калуучу балдар, кош бойлуулар, медицина кызматкерлери, ошондой эле социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирет.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тобокелчилик тобундагы адамдардын 75 пайызын эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштаган. Азыркы тапта өлкө боюнча аталган категориядагы жарандар ыктыярдуу түрдө акысыз негизде эмделип жатат. Белгилей кетсек, бизде баарына вакцина жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Буга байланыштуу каалоочулар жеке менчик медицина борборлорунан акы төлөп алышса болот. Азыркы тапта мындай негизде эмделгендердин саны 5500дөн ашты", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши сасык тумоого каршы вакцина алды

Ошондой эле министрлик сасык тумоого каршы эмдөө жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдө жүргүзүлөрүн белгилейт. Ага ылайык, Россиядагы калктын - 40, Беларуста - 41, Казакстанда - 10, Венгрияда - 85, Улуу Британияда - 25, Германияда - 27, Испанияда 21 пайызы вакцинация алат. Ал эми Түндүк жана Түштүк Америка кош бойлуу аялдарды гриппке каршы эмдөө боюнча сап башында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0