21:39 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7900
  • EUR100.6754
  • RUB1.1184
Коом
Кыскача шилтеме алуу
50410

Бишкектин борборундагы 5-6-октябрда өткөн элдик толкундоолор учурунда демонстранттар менен эл кагылышып, жаш жигит каза тапкан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында мындан бир нече күн мурда болгон саясий окуяларда каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна куран окутулду.

  • Глава Финансовой полиции Сыймык Жапыкеев на площади Ала-Тоо в Бишкеке во время поминальной молитвы погибшему 19-летнему Умутбеку Алтынбеку улуу. 23 октября 2020 года
    Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында мындан бир нече күн мурда болгон саясий окуяларда каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек улууна куран окутулду.
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • На площади Ала-Тоо в Бишкеке прочитали поминальную молитву погибшему 19-летнему Умутбеку Алтынбеку улуу в ходе беспорядков после оглашения результатов парламентских выборов. 23 октября 2020 года
    Иш-чараны коомдук кыймылдын өкүлдөрү уюштуруп жаткандыгын айтышты.
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • На площади Ала-Тоо в Бишкеке прочитали поминальную молитву погибшему 19-летнему Умутбеку Алтынбеку улуу в ходе беспорядков после оглашения результатов парламентских выборов. 23 октября 2020 года
    Эске салсак, Бишкектин борборундагы 5-6-октябрда өткөн элдик толкундоолор учурунда демонстранттар менен эл кагылышып, жаш жигит каза тапкан.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 3
© Sputnik / Эркин Садыков
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында мындан бир нече күн мурда болгон саясий окуяларда каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек улууна куран окутулду.

Иш-чараны коомдук кыймылдын өкүлдөрү уюштуруп жаткандыгын айтышты. Эске салсак, Бишкектин борборундагы 5-6-октябрда өткөн элдик толкундоолор учурунда демонстранттар менен эл кагылышып, жаш жигит каза тапкан. Кийинчерээк уландын өлүмүнө бут алдына келип жарылган кулак тундурган граната себепкер болгону белгилүү болгон.

Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз

Куран окутууга 50гө чукул киши келди. Алардын арасында Финансы полициясынын бир нече күн мурда дайындалган жаңы жетекчиси Сыймык Жапыкеев жүрдү. Куранды Апрель ыңкылабынын баатырларына тургузулган эстеликтин жанында түшүрүштү.

Иш-чаранын катышуучулары андан ары "Манас айылы" комплексине барып да куран окуша тургандыгын айтышты.

Тема боюнча

Бийлик кантип алмашты? Соңку окуялардагы урунттуу учурлар
Белгилер:
Үмүтбек Алтынбек улуу, куран, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ