COVID: Бишкектин ооруканаларында канча бош орун бар? Тизме

Жазылуу
Борбор калаада эң көп бош орун азыр Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында. Аталган медициналык жайда 349 керебет бошогон.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

23-октябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда орун жетиштүү, жалпы 349 орун бош.

Пандемияга дагы бир сокку. Россияда үчүнчү вакцина сыноодон өтө баштады. Видео

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 10;
  • Улуттук хирургия борбору — 7;
  • Улуттук госпиталь — 29;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 218;
  • Темир жол ооруканасы — 1;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.
Жаңылыктар түрмөгү
0